Бүгүн, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, алардын жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Мени кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди колдогон айрым депутаттар "айла жок добуш бердик" деп салам-дубайларын жөнөтүп жатышат. Ошон үчүн айткам да алар "чимкирик" деп. Бул ачуу сөз. Депутаттардын аттарын айтсам, аларды такыр эле тебелеп салышат", - деди Атамбаев.
27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечимге 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген, 1 депутат добуш берген жок. Калган 10 депутат добуш берүүгө катталган жок.