Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралууда. Анда депутат Альфия Самигуллина эгер Алмазбек Атамбаевге тагылган айыптар негизсиз болуп чыкса, ким кандай жоопко тартыларына кызыкты.
"Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия аны бир нече оор кылмыштар боюнча шектеп жатат. Эгер тергөөнүн жыйынтыгында экс-президент күнөөсүз болуп чыкса, комиссия жана анын төрагасы кандай жоопкерчиликке тартылат?" - деп сурады Самигуллина.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев эгер Атамбаев ак болуп чыкса, комиссия моралдык жоопкерчиликке тартыларын айтты.
Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу керек.