Депутат Касымалиева Карамушкинага: "Кош стандарттуулуктун, ажылдагандын да чеги болот"

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом долбоору каралып жатат.

Анда депутат Аида Касымалиева Ирина Карамушкинага ар ким өзү үчүн жооп бериши керектигин айтты. "Сиз баарын чукуса бир нерсе табылат деп айтып жатасыз. Өзүңүз үчүн жооп бериңиз. Мени чукуса эч нерсе табылбайт. Парламент таркасын деп жатасыз. Анда өзүңүздөн баштаңыз, мандатыңызды тапшырыңыз. Бул жерде эл шайлаган депутаттар отурат. Менин шайлоочуларым, убадам бар. Кош стандарттуулуктун, ажылдагандын да чеги болот. Баарыбыз факты менен иштеп жаткандан кийин далил менен сүйлөңүз. Бакиевдин убагында унчукпай отургансыңар деп билдирдиңиз. Мен журналист болуп Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөм", - дейт Касымалиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан