Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгуу боюнча пландары жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө интернеттеги социалдык тармактарда Атамбаевдин чет өлкөдө жүргөнү боюнча жалган маалыматтар тарап жатат. "Атамбаев учурда иш ордунда. Азыр ага карата парламентте түрдүү айыптар тагылып жатса да, анын чет өлкөгө чыгуу боюнча пландары жок" деди Жолдубаева.
Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Отурумдарында экс-президентке оор кылмыштар боюнча айыптар тагылган.