Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия: "Парламентке Атамбаев да, Текебаев да чакырылсын"

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы угулууда.

Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев комиссия өз ишин Конституциянын жана мыйзамдын чегинде жүргүзгөнүн айтты. Мындан тышкары ал парламентте бул маселени кароодо калыстык болуш үчүн жыйынга Алмазбек Атамбаевди да, Өмүрбек Текебаевди да чакыруу керектигин билдирди.

"Дүйнөнүн тарыхында 20 өлкөнүн экс-президенти жоопко тартылыптыр. Мурдагы өлкө башчыны жоопко тартуу процедурасынын эң оору бизде экен. 8 тосмодон өтүшүбүз керек экен: демилге тобунун каты, тиешелүү комитеттин корутундусу, Жогорку Кеңештин чечими, депутаттык комиссиянын иши, эки комитетте кароо, кайра парламентте кароо, Башкы прокуратурага жөнөтүү, парламентте кайра кароо, эки комитетте кароо жана парламентте добуш берүү", - деди Иманалиев.

Комиссиянын отурумунда Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны алтыга кыскартылган. Алар:

  1. бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу;

  2. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;

  3. Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
  4. акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
  5. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
  6. ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан