Конституциялык палатанын төрагасы: "Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылганы боюнча КСДПнын кайрылуусу болжолдуу декабрда каралат"

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылганы боюнча КСДПнын кайрылуусу болжолдуу декабрь айында каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев билдирди.

"Кайрылуу 5-июлда өндүрүшкө алынган. Бул 5 айдын ичинде каралышы керек. Болжол менен ушул жылдын аягында, декабрь айында каралат. Балким, аркы жылы каралышы мүмкүн", - дейт Карыбек Дүйшеев.

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынан алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан