Депутат Карамат Орозова: "Мамлекеттин көйгөйүн көтөрө турган парламентте жеке таарынычтар, өч алуулар боюнча маселелер көп көтөрүлүп жатат"

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом долбоору тууралуу пикирин айтты.

"Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруучу бийлик. Ыйгарым укуктарыбыздын негизинде биз көзөмөл кылуу милдетин аткарабыз. Орчундуу маселени айтып кетейин. Эл аралык макулдашууну ратификациялайбыз, республикалык бюджетин бекитебиз, аны көзөмөлдөйбүз. Акыркы кездерде ушул залда мамлекеттин көйгөйүн көтөрө турган жерде жеке таарынычтар, өч алуулар боюнча маселелер көп көтөрүлүп жатат.

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караганы жатабыз. Макул, бардыгы жакшы нерсе үчүн деп коёбуз, талкууну эл көрөт. Ар бирибиздин сүйлөгөнүбүзгө баа берилет. Талкууга активдүү катышалы. Бирок биз бул боюнча өлкөбүздүн тарыхы үчүн чечим кабыл алышыбыз керек. Бул чечим Башкы прокуратурага барат. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Башкы прокурор, келечекти ойлоп мыйзамдуу чечим кабыл алыңыз. Убагы келгенде ушул чечим үчүн жооп бересиз. Бүгүнкү күндө Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова чечим кабыл алганы үчүн жооп берип жатат. Оор кылмыш кылгандар чет жакта жүрөт. Атамбаевдин кеткенине бир жарым жыл болду. Ал киши президент убагында жылуу сөздөрдү айткансыңар. Аны "журт атасы", "сизден көп нерсе үйрөндүк" деп туура айткансыздар. Урматтуу кесиптештер, бүгүн ойлонуу менен чечим кабыл алалы", - деди Карамат Орозова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан