Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын чечими Башкы прокуратурага 20-июнда түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Атамбаевдин тушунда соттолуп, камакта отуруп чыккан экс-депутат Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева бүгүн атасы Башкы прокуратурага суракка чакырылганын жазып чыкты. Мекеме "тергөөнүн купуялуулугу үчүн" деп бул маалыматты четке каккан да, тастыктаган да жок.
Айрым маалымат булактары Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин чечими боюнча корутундуну бир жуманын ичинде чыгарышы керектигин жазышууда, бирок "Экс-президенттин макамы жөнүндө" мыйзамында бул мөөнөт белгиленген эмес.
"Экс-президенттин макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин чечими мурунку өлкө башчыга каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин 80ден кем эмес депутаттарынын добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет", - деп айтылат мыйзамда.
Эгер Башкы прокуратура 7 күн ичинде корутундусун чыгарса, 27-28-июнь күндөрүнүн биринде бул документ Жогорку Кеңештин кароосуна түшөт. Андан соң депутаттар добуш берүү аркылуу Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо чечимин чыгарып, 28-июнда жайкы каникулга тарашат.
Буга чейин аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын экс-президентинин макамынан ажыратуу үчүн 8 тосмодон өтүү керектигин айткан.
Учурда Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыратуу процесси 7-кадамда турат.
Алгач Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны 6га кыскартылган. Алар:
Бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу;
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
Акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;