Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Анда комиссия мүчөсү Талант Мамытов парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго комиссиянын кайрылуусун окуп берди.
Бул кайрылууда эмне себептен Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылууда. Атамбаевге бир нече оор айып тагылууда.
1) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына ок атуучу куралдарды тапшырган. Бул жарандардын арасында уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү бар.
2) Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз алынган.
3) Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган.
4) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясында мыйзамсыз которгон.
5) "Дастан" ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алган.
6) Чоң-Сары-Ойдо 4,61 гектар жер тилке Алмазбек Атамбаевдин атына мыйзамсыз өткөн.
7) Атамбаевдин 2017-жылдагы декларациясында С.Пархати аттуу жарандан 54 миллион сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Бул жылы Пархати Атамбаевден "Форум" илимий-өндүрүш ишканасын сатып алган. Ошол эле учурда Пархати 2016-жылдын 16-январынан тарта "Хуасинь" инвестициялык компаниясынын уюштуруучусу.
2015-жылдын 8-декабрынан тарта Токтосун Түмөнбаев аттуу жаран "Хуасинь" компаниясын кайра каттоо үчүн Юстиция министрлигинин эсебине 247 сом төлөгөн. Чаткал районунда "Хуасинь" компаниясы тарабынан берилген сурьма өндүрүү үчүн лицензия боюнча бонус катары 1,5 миллион сом төлөгөн.
Аталган факт Пархати менен Түмөнбаевдин аффилдештирилген адамдар экенин тастыктайт. Түмөнбаев өзү Касан-Сай кенинде сурьма өндүрүүгө лицензиясы бар "Терек-Сай Жаштары" ЖЧКнын жетекчиси болуп саналат. Ал эми "Бизнес Ру Синьцзянь" эл аралык соода компаниясы "АКА Петролеум" жана Чолпон Элмуратова "Терек-Сай Жаштарынын" уюштуруучусу болуп саналышат. 2014-жылдан тарта "Терек-Сай Жаштары" ЖЧКсы 276 миллион сом суммада салыктык жана башка төлөмдөрдү жүргүзгөн.
"АКА Петролеум" жана "АКА Инвесттин" уюштуруучусу Касым Курбанов 2018-жылы "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын сатып алууну каалаганын билдирген жана "Акылдуу шаар" долбоорунун негизги тараптарынын бири болгон. Бул компаниялар Атамбаев менен аффилдештирилген болушу мүмкүн.
8) Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандаган. Бул иштен улам мамлекетке чоң зыян келтирилген.
9) 2016-жылы Аида Салянова интернеттеги социалдык тармактарында ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келүү боюнча жазып, Атамбаев жеке менчик компанияны колдогон деп айткан.
Атамбаев президент болгондо бардык бийликти өз колуна алып, уюшкан кылмыштуу тобун түзгөн. Ал "Датка-Кеминди" курууда, Тарых музейин оңдоого аралашкан.
Бүгүнкү жыйынга комиссиянын 12 мүчөсүнөн 10у келип, 2си келген жок. Алар Канатбек Исаев жана Кожобек Рыспаев. Депутат Евгения Строкова кечигип келди. Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын толук курамы:
"КСДП" фракциясынан - депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу;
"Бир Бол" фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков;
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев.