Депутат: "Текебаев "Атамбаев бийликти узурпация кылып жатат, камайлы" дегенде эч ким унчукпай отурган"

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов Канат Исаевдин, Талант Мамытовдун экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына кошула турганын айтты.

"Канат Исаев, Талант Мамытов Атамбаев тууралуу туура айтышты. Мен алардын Атамбаевдин убагында саясий репрессия болгон деп айткандарына кошулам. Экс-президентти күнөөлөй турган эки кылмыш жобосу бар. Бийликти узурпация кылуу жана саясий репрессия болгон. Атаандаштарын, сын айткандарды каматкан. Бүгүнкү күндө саясий репрессия болгондордун бирөөсү дагы реабилитация болбой жатат. Ошол жөнүндө айта албай жатабыз. Текебаев "Атамбаев бийликти узурпация кылып жатат, камайлы" дегенде эч ким унчукпай отурган. Атамбаев президент болуп турганда аны "журт атасы" деп айткан Иса Өмүркуловдун бүгүн трибунага чыгып сүйлөгөнүн туура эмес деп эсептейм. Жок дегенде унчукпай отурбайбы?!" - дейт ал.

Жыйында депутат Канат Исаев, Талант Мамытов, Иса Өмүркулов Атамбаевге каршы сөз сүйлөштү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан