Депутат Карамушкина: "Атамбаев жооп берет, бирок күрөш уланат"

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралып жатат.

Анда депутат Ирина Карамушкина Атамбаев жооп берерин, күрөш улана турганын айтты. "Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев элди атып, тоноп кеткенде унчукпай отурдуңар. Газ, электр энергия, Токтогул суу сактагычында суу жок, бизнестерди рейдерлик жол менен тартып алуулар болгондо үн чыгарбай отургансыңар. Атамбаев өлкөдө калып, жооп бергенге даяр болгондо баарыңар баатыр болуп жатасыңар. Тарых үчүн убакыт келет. Бүгүн кылмыш иши козголгон Каныбек Иманалиевге суроо берейин деп жаткан жокмун. Атамбаев жооп берет, бирок күрөш уланат", - дейт ал.

Депутат Каныбек Иманалиев ага карата кылмыш ишин табуу Аламүдүн, Нарын дарыясынан крокодил табуу менен барабар экенин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан