Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Комиссия отурумду жабык түрдө улантып, токтом кабыл алды.
Жабык түрдө кандай токтом кабыл алгандыгын комиссиянын мүчөлөрү ачыктаган жок. Кабыл алынган токтом боюнча бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте карала турганы маалымдалды.
Кечээки отурумда Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы менен алардын саны алтыга кыскартылды. Алар:
1. Бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу;
2. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
3. Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
4. Акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
5. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
6. ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.