"Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча чечим кабыл алып, Башкы прокуратурага баа берүүгө жөнөтөлү", - деп бүгүн, 12-июнда парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
Ал социалдык тармактагы баракчасына Атамбаев тууралуу билдирүү жазганын эске салды.
"Мен кечээ, 11-июнда социалдык тармактагы баракчама "Атамбаев экс-президент деген макамын көтөрө албай жатат" деп жаздым. Экс-президент жөн жата албай мамлекетти дүрбөлөңгө салып 3-жолу революция кылганы жатат. "Убагында сүйлөгөн жоксуңар" деп айтпагыла. Атамбаев президент болуп турганда дагы сын-пикирлерди айтканбыз. Биз Башкы прокуратурага түртпөй, парламент чечим кабыл алышыбыз керек. Жогорку Кеңеш Атамбаевдин рейтингин унчукпай көтөрбөй, мыйзам чегинде чечим кабыл алалы. Бийликти узурпация кылды дейбизби, чечим кабыл алып, Башкы прокуратурага баа берүүгө жөнөтөлү", - дейт ал.
8-июнда Бишкекте өтүп жаткан митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарын "чимкирик" деп атаган. Буга депутаттар нааразы болуп жатат.