"Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу сунушун кароо боюнча менин ордума башка бирөө добуш берип коюптур" деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков билдирди.
"4-протокол боюнча менин ордума бирөө "макул" деп добуш берип салыптыр. Айтып жатам, шылдың болдуңар, токтоткула деп. Добуш берүү учурунда залда болгон эмесмин. Болсом каршы добуш бермекмин. Аны эртең менен эле айткам. Өз позициямды ачык жана так билдиргем. Оюмду угуп туруп, мен жокто ордума добуш берүү жакшы нерсе эмес. Жаман сөз айткым келген жок.
Добушумду алып койгула, аны менен 48 добуш эмес 47 добуш болот", - деди депутат.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун кароо добушка коюлуп, катталган 92 депутаттын ичинен 48 эл өкүлү "макул", ал эми 1 депутат каршы деген добуш берген.