Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин отурумунда депутат Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, корутунду депутаттык комиссияга келип түштү. Ал аталган комитеттен корутундуну бүгүн кароону суранды.
Белгилүү болгондой, депутаттык комиссиянын чечими Башкы прокуратурага 20-июнда түшкөн.
Буга чейин аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын экс-президентинин макамынан ажыратуу үчүн 8 тосмодон өтүү керектигин айткан.
Алгач Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны 6га кыскартылган. Алар:
Бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу;
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
Акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;