Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын депозиттик эсептери боюнча коммерциялык банктардагы документтерди текшерүүгө уруксат берген чечимди кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Бул чечимге ылайык, прокуратуранын тергөөчүлөрү төмөнкү тизмедеги адамдардын 2009-жылдан тарта жасаган банктык операциялар тууралуу документтерин текшерүүгө уруксат алышты.
- Алмазбек Атамбаев;
- Раиса Атамбаева (аялы);
- Кадырбек Атамбаев (баласы);
- Алия Шагиева (кызы);
- Сейитбек Атамбаев (биринчи аялынан баласы);
- Сейтек Атамбаев (биринчи аялынан баласы);
- Диана Атамбаева (биринчи аялынан кызы);
- Динара Атамбаева (биринчи аялынан кызы);
- Нурбек Шаршенов (жакын тууганы);
- Луиза Шагиева;
- Альбина Шагиева;
- Артур Байбурин;
- Лилия Байбурина;
- Жибек Рахмаджанова;
- Аэлита Сатыбалдиева;
- Раис Бектимиров;
- Рамиль Шагиев;
- Кайрат Абдуллаев;
- Субихи Пархати;
- Азиз Темирбеков;
- Ахмет Кая;
- Дамир Мусакеев (жан сакчысы).