Депутат Алтынбек Сулайманов: "Алмазбек Атамбаев экс-президент деген статусун көтөрө албай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов "эки жүздүү Атамбаев экс-президент деген статусун көтөрө албай жатат" дейт. Ал мындай билдирүүсүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмазбек Атамбаев сот системине, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Атамбаев мамлекетти башкарып турганда кетирген кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок.

Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүүсүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!" - деп жазылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан