Депутат экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссияга: "Таарынычтарды эске албай акыйкаттуу чечим чыгаргыла"

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Комиссия мүчөлөрүнө депутат Евгения Строкова кайрылып, акыйкаттуу чечим чыгарууга чакырды.

"Атайын комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылгым келет. Өздөрүнүн таарынычтарын эске албай таза иш алып барышсын. Бул нерсе Атамбаевден өч алып жаткандай болуп калбасын. Ак болсо ак, кара болсо кара дешсин. Баарыбыз билгендей, баары тегеренип кайтып келет. Кийин өзүбүзгө кайтып келбесин, бизди күнөөлөгөндөй болбосун.

Алмазбек Шаршеновичке кайрылгым келет, саясий жолумду ушул партиядан баштагам. Биз сизге ыраазыбыз, 6 жыл бою тынчтыкта жашадык. Бирок учурда сиздин аракеттериңизден улам жумушубузга тоскоолдуктар жаралып жатат", - деди ал.

"Баары акыйкаттуу болот, ишенебиз" деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан