Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлеринин алып салынганы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда экс-президентти кайтарууда камсыз болгон күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. УКМК экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчөтүп берүүгө даяр экенин маалымдады.
Бүгүн, 28-июндун таңында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматы кеткени кабарланган. Таңкы саат 4:30 чамасында "Элдик штабдын" өкүлдөрү үйдү көздөй кимдир бирөөлөрдүн кирип келген үнүн угушкан. Бирок штабдагылар издеп эч кимди көрө алышкан эмес. Ошол эле учурда Атамбаевди коргоого алган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери өз ордунда жок экенин көрүшкөн.
Маалымат үчүн:
"Экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, экс-президент Кыргыз Республикасынын аймагында өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда мамлекеттик кайтаруу токтотулат.