Алмазбек Атамбаев: "Жээнбековдун бийлигин тааныбайм" (хронология, видео)

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралды. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов корутундусун окуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечимди кабыл алды. Бул чечимге 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди, 1 депутат добуш берген жок. Калган 10 эл өкүлү добуш берүүгө катталган жок.

Бир канча убакыттан кийин Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө маалымат жыйыны өттү.

2019-07-05 20:15:00

Суроо: "Мындай болорун кышында эле билгем" деп жатасыз аны кайдан билдиңиз?"

Алмазбек Атамбаев: "Мен ал адамды 24 жылдан бери тааныйм, жакшы билем. Ошол себептен ушул сыяктуу иштер болорун билгем".

2019-07-05 19:46:00

Маалымат жыйыны соңуна чыкты.

2019-07-05 19:00:00

Журналисттердин суроолоруна жооп берилүүдө.

2019-06-27 20:58:00

Жолугушуу аяктады.

2019-06-27 20:34:00

Экс-президент аны колдоп келген эл менен сүрөткө түшүп, учурашып жатат.

2019-06-27 20:29:00

"Орусияга "Батукаевди кайрып бергиле" деп кайрылгам. Алар азыр түрмөдө экенин чыкса, балким, бизге берерин айтышкан. Бул нерсени үмүт менен күттүм", - дейт Атамбаев.

2019-06-27 20:27:00

"Канатбек Исаев чимкиригин аарчып жүргөн кезде, мен фирма ачкам. Ал азыркы тапта ар кайсы жерге ар нерсени айтып жүрөт", - деп билдирди экс-президент.

2019-06-27 20:23:00

"Менимче, бүгүн демократияга балта чабылды. Башка партиялар менен биригүүгө даярмын. Бүгүнкү парламенттин жыйынын, шайлоону да көргөн жокмун. Бул нерсенин кызыгы жок. Мен "чимкирик" деп айтып койгон парламент бүгүн да саясий буйрукту аткарды", - деген ойдо Атамбаев.

2019-06-27 20:20:00

"Азыркы тапта менин эң жакын досторум карапайым эл жана тарапташтарым. Өз убагында Өмүрбек Бабановду колдобой койгонума өкүнбөйм. Президенттикке келе электе эл коңшулардан бата алганы туура эмес. Ал деле өз катасын билип жатса керек", - дейт Атамбаев.

2019-06-27 20:18:00

Суроо: "Азыркы тапта үй-бүлөңүз каякта?"

Алмазбек Атамбаев: "Жанымда. Кызым гана үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында".

2019-06-27 20:16:00

Суроо: "Өзүңүздү кантип коргоп калайын деп жатасыз?"

Алмазбек Атамбаев: "Жатып өлгөнчө, атып өл" деген сөз бар кыргызда. Мени кармаганы келген балдарга боорум ооруйт, алар бирөөнүн гана буйругун аткарып жатат. Өзүмдү коргойм, алар мени кармайм деп келген маалда жалгыз болом. Мага карата күч колдонсо, ок чыгарам".

2019-06-27 20:10:00

Алмазбек Атамбаев: "Мекенимен эч жакка качпайм. Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбайм, анын легитимдүүлүгү чоң шек жаратат. Бизде мыйзамдар сакталбай калды, мыйзамсыз талаага чыкканыбызга 1 жылдан ашты".

2019-06-27 19:37:00

Алга Кылычов: "Бүгүнкү бийлик өздөрүнүн кылмыштарын Алмазбек Атамбаевге буруп элди алдап жатат. Бир жуманын ичинде ушундай күнөөлөрдү коюп, чагылгандай тездик менен чечим кабыл алганы шек жаратпай койбойт.  Атамбаевди "чимкирик" парламентке жана күч түзүмдөрүнө жөн эле берип койбойбуз. Эгерде күч түзүмдөрү экс-президенттин үйүнө куралчан, атайын техника менен келген күндө да, биз эч кандай куралсыз төшүбүздү тосуп берүүгө даярбыз".

2019-06-27 19:20:00

Ирина Карамушкина: "Парламент бүгүн сатылып кетти. Ал Жээнбековдун үй-бүлөсүнө толугу менен кызмат кыларын далилдеди. Бүгүн бардык күнөөлөрдү Алмазбек Атамбаевдин моюнуна илип коюу алар үчүн эң оңой жол болду. Депутаттар трибунада башка сөз айтып, добуш бергенге келгенде бардыгы бирдей добуш беришти. Жогорку Кеңеш бүгүн элди сатты, регламентти, мыйзамды бузду. Бүгүнкү жыйынга алар Атамбаевдин өкүлүн да чакырышпай маселени бир тараптуу карашты. Ар бир депутат мыйзамды коргоо үчүн тикесинен-тик турушу керек болчу. Бирок алар бул нерсени жасай алышкан жок. Бүгүн баш прокурор азыр турган жерибизди эч кандай соту жок эле алып койсо болорун айтты. Демек, бүгүнкү күндөн тартып мыйзам жок. Атамбаев сурак бербейт жана аны эч ким камакка ала албайт. Алмазбек Атамбаев азыркы тапта өзү кетирген катаны оңдоого аракет кылууда. Ал биздей эле Жээнбековго ишенген, бирок ал ишеничти актаган жок. Экс-президенттин айланасындагы иштер элди башка маселелерден алаксытуу үчүн уюштурулган нерсе".

Эгерде мыйзамдуулук орун албаса, бийликке 3-жолу сабак берүүгө туура келет".

2019-06-27 19:18:00

"Биз толугу менен парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Ошондо гана парламент шайлоочудан гана көз каранды болот. Мамлекеттин ээси эл. Карапайым калк барын өзү чечет. Бийлик элге кызмат кылышы керек", - деген пикирин билдирди Фарид Ниязов.

2019-06-27 19:12:00

"Жогорку Кеңеш тарыхый чечим кабыл алды. Парламент президентти кол тийбестигинен ажыратып өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Алар өйдө жактан атайын буйрук келгенин ачык көрсөтүштү. Мыйзамсыз чечим кабыл алган парламент таркаш керек. Президенттин укугу ушунча кордолуп жатса, жөнөкөй адамдын укугу эч качан корголбойт. Биз мыйзамдын сакталышын талап кылабыз. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек", - дейт Ниязов.

2019-06-27 19:08:00

Фарид Ниязов: "Элдик штабды" колдогондордун саны арбын. Мындан улам карапайым элдин бийликке болгон суроолору көп экенин байкоого болот. Атамбаев азыркы тапта бийликтин эң жалгыз жана эң активдүү оппоненти".

2019-06-27 19:02:00

Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү: "Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги бардык мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынды. Менин пикиримде, мындан ары да мыйзам бузуулар орун алат. Экс макамынан ажыратылган президентти камакка алуу мыйзамга туура келбейт".

"Эгерде экс-президент ушундай мыйзамсыздыкка кабылса, анда жөнөкөй адамдар кандай абалда деген суроо келет. Атамбаевге карата колдонулган ар бир иш-аракетке биз мыйзамдуу түрдө жооп беребиз".

2019-06-27 18:50:00

Кийинки сөз депутат Анвар Артыковго берилди.

Депутат өз сөзүндө Азиз Батукаевдин иши боюнча бийлик ошондой эле Башкы прокуратура ачык болбой жатканын жана бир гана Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу туура эмес экенин билдирди. Ошондой эле депутат Алмазбек Атамбаев 6 жылда өлкөгө стабилдүүлүктү, өнүгүүнү алып келгенин айтып өттү.

2019-06-27 18:40:00

Сөз Жогорку Кеңештин депутаты КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодурановага берилди.

Кодуранова өз сөзүндө бүгүн парламент мыйзамсыз чечим чыгарганын жана бул жакшы көрүнүш эмес экендигин айтты. Тарыхый чечим үчүн депутаттар кайсыл бир мезгилде жоопко тартыларын кошумчалады.

2019-06-27 18:38:00

Маалымат жыйынына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары келгенин көрүүгө болот.

2019-06-27 00:00:00
Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен жолукту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан