Бүгүн, 30-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.
"Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов отставкага кетип, Кой-Ташка мени колдоп келди. Ал менин тушумда жумушсуз калган. Бирок ал таарынычынан жогору экенин көрсөттү. Ошентип Ак Үйдөгүлөр менин тарабыма өтүп жатышат. Алар азыркы бийлик туура эмес багытта кетип жатканын түшүнүп башташты", - деди Атамбаев.
Айбек Азыранкулов отставкага кеткенин ырастады. Анын айтымында, ал экс-президентти колдойт. "Мен 2006-жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Биз баарыбыз бир чоң командада болчубуз. Кызматтан кетүүм менен өзүмдүн позициямды көрсөтүп жатам", - деди Азыранкулов.
Айбек Азыранкулов 2018-жылдын 27-апрелинде президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Атамбаевдин тушунда ал эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.
Азыранкулов Айбек Жаныбекович 1979-жылы 10-январда Чүй облусунун Чалдыбар айылында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетин "психолог-практик" кесиби боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2002-жылы "Чалдовар-Суу" суу пайдалануучулар ассоциациясында көзөмөлдөөчү болуп баштаган.
2005-2007-жылдары - Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы;
2009-2010-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-2013-жылдары - өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2014-2015-жылдары - эмгек, миграция жана жаштар министри болуп эмгектенген.