SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атчан адамдардын тобу келди" деген видео жүктөлдү. Бул видеону КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов тарткан.
Маалым болгондой, 27-июндун түнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө бир топ атчандар топтолуп келген.
"Ушул тегеректеги 11 айылдагы улакчылар тобу биригишип, экс-президент Алмазбек Шаршеновичти колдоп, мыйзамсыз сотторго жана өмүрүнө коркунуч келишине каршы турууга келишти. Алар Атамбаевди коргоо ниетин билдирип, биздин "Элдик штабга" келип кошулушту. 200 ат менен күзөттө турушарын айтышты", - дейт Кылычов.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин карап, мындай чечимге "макул" деп 103 депутат добуш берди.