Эртең, 3-июлда борбор калаада экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо штабы тарабынан уюштурулуп жаткан митингге "Республика" партиясынын катыштыгы жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда аталган партиянын расмий өкүлү Канат Мидин уулу билдирди.
Буга чейин өзүн "Республика - Ата-Журт" партиясынын Жаштар комитетинин төрагасымын деген Азамат Баяманов митингге катышып Алмазбек Атамбаевди колдой турганын билдирген.
"Республика" партиясынын да, партиянын жаштар канатынын да бул митингге эч кандай тиешеси жок. Партия - бул коомдук-саясий уюм, анын өз түзүлүшү жана жетекчилиги бар. Мындан сырткары анда кабыл алынчу маселелер чогуу-чаран чечилет. Эч ким өз атынан кандайдыр бир билдирүү таратууга укугу жок. Азамат Баямановдун билдирүүсү жеке өзүнүн позициясын билдирет жана партияга да, жаштар канатына да эч кандай тиешеси жок", - дейт партиянын расмий өкүлү.