Бүгүн, 28-июндун таңында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматы кетти. Бул тууралуу таңкы саат 4:30дар чамасында "Элдик штабга" белгилүү болгон. Бул убакытта штабдагылар үйдү көздөй кимдир бирөөлөрдүн кирип келген үнүн угушкан. Бирок штабдагылар издеп эч кимди көрө алышкан эмес. Ошол эле учурда Атамбаевди коргоого алган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери өз ордунда жок экенин көрүшкөн.
"Мына, эч кандай эскертүүсүз мамлекеттик күзөт кызматын алып кетишиптир. Бул туура эмес, өзгөчө макамы бар адамдан мындай кызматты алуу үчүн кайсы бир чечим керек да. Бирок биз, "Элдик штабдын" мүчөлөрү Алмазбек Шаршеновичти коргоодон качпайбыз", - деди КСДПнын саясий кеңешининин мүчөсү Алга Кылычов.