Экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин чакырып, ага атайын учак жибергенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июлда журналисттерге билдирди.
"Путин менин досум. Ал мени буга чейин деле чакырган. Атайын учак жөнөттү. Путин Кыргыз мамлекетинде үчүнчү революция болуп кетпесин деп кайгырып жатат. Мен революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт деп айттым", - деди Атамбаев.