Бүгүн, 30-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолукту. Ал 3-июлда Бишкекте өтчү митингге катышарын айтты.
Буга чейин ал митинг өткөрүү тууралуу сүйлөп жатып, "бир нерсе болуп кетип, кимдин каны төгүлсө, менин каным төгүлсүн, кимдин жаны кетсе, менин жаным кетсин" деп айткан.
КСДПдан билдиришкендей, митинг 3-июлда саат 16:00дө "Медиафорумдун" алдында башталат. Акция "Эски элита кетсин! Жаңы лидерлер келсин!" деген ураандын астында өтөт.