Нариман Түлеев Атамбаевге каршы штаб түзүп, аны жетектөөгө даяр экенин билдирди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевдин мыйзам чегинде жоопко тартылуусу үчүн элдик штаб түзүүнү сунуштады. Түлеев элдик штабды түзүүгө жана аны жетектөөгө даяр экенин билдирди. Нариман Түлеевдин айтымында, түзүлө турган штаб саясий эмес жана кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын көздөбөйт.

"Биз бийлик үчүн, Жээнбеков үчүн эмес. Ошол эле мезгилде Атамбаевге дагы каршы эмеспиз. Максатыбыз - мыйзам чегинде иштөө. Түзүлө турган штабдын ишмердүүлүгү саясаттан тыш болуп, мыйзамдуулуктун сакталышына басым жасайт", - деген ал.

Ошондой эле Түлеев экс-президент Роза Отунбаеваны, бардык саясий күчтөрдү, көңүл кош карабаган жарандарды Атамбаевдин Конституциянын, мыйзамдардын нормаларын четке какканын, аймактар аралык кастыкты жаратып жатканын элге ачык алып чыгууга чакырды. Ал Атамбаевдин жалган маалыматтарын эл билиши керек деп эсептейт.

"Түзүлө турган элдик штаб Атамбаевдин резиденциясына чейин жөө жүрүшкө чыгып, мурдагы президенттин мыйзам чегинде жоопко тартылышына чакыруу жасоону пландоодо. Биз колубузга Конституцияны жана кодексти кармап алып президенттин тарапташтарына туура жолдо иш алып барыш керектигин гана айта алабыз. Азыркы тапта аны эч ким чакырбай, кармоого аракет кылбай жатышат. Атамбаевди суракка чакыра турган болсо, ал тергөө органдарына милдеттүү түрдө келип, өзүнүн көрсөтмөсүн бериши керек.

Атамбаев өзү айткандай, чоң масштабдагы саясатчы болсо, анда ал баарына үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөтүп жатса, анда күчүн курал менен эмес эрки менен көрсөтсүн. Эркин бир муштум кылып түйүп алып, ак экенин далилдеши керек", - деп кошумчалады Түлеев.

Сүйлөшүүлөр жана даярдыктар аягына чыккандан кийин штаб жөө жүрүшкө чыгып, андан кийин Атамбаевдин резиденциясынын алдына мөөнөтсүз митингге чыгышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан