Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзам чегинде жоопко тартылуусу үчүн элдик штаб түзүүнү сунуштады. Түлеев элдик штабды түзүүгө жана аны жетектөөгө даяр экенин билдирген.
Түлеевдин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова өзүнүн пикирин билдирди.
"Нариман Түлеевдин кандай адам экенин эл жакшы билет. Түзсө түзө берсин, анын укугу бар. Бирок эл азыр мурдагыдай эмес, кимдин ким экенин түшүнүп жатат. Анын түзө турган штабы биздин ишке таасир эте албайт, андай нерселерди ойлонуунун да кереги жок", - деди Кодуранова.
Мындан тышкары 3-июлда Атамбаевди коргоо үчүн түзүлгөн "Элдик штаб" митингге чыга турганын, анда бир катар талаптар айтыларын белгиледи.