Алмазбек Атамбаев Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди

Бүгүн, 25-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Аны тосуп алуу үчүн тарапташтары чогулду.

Ал кечээ, 24-июлда Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарында жайгашкан авиабазадан Москвага учуп кеткен. Аны менен КСДПнын саясий кеңешинин төрайымы Асель Кодуранова, КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков барган.

Атамбаев Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан