Бүгүн, 19-июлда Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен жолугушуу өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, кийинки жумада ал Орусияга барып келиши мүмкүн. "Кимдир бирөөлөр менин бул өлкөгө барышымды каалабай жатканы байкалууда. Мени чакырып жаткан адам баары жакшы болот деп убадалады. Бирок өзүмө, Кудайга, чыныгы досторго таянышым керек. Баарына даяр болуу зарыл", - деди Атамбаев.
Буга чейин экс-президентке ИИМден суракка үч чакыруу кат келген. Ал суракка баруудан баш тартууда.