Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакыртылды. Чакыруу бүгүн, 8-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, ИИМдин кызматкерлери чакырууну таштап кетишти. Анда кайсыл иш боюнча экени жазылган эмес.
Чакырууда Алмазбек Атамбаев эртең, 9-июлда Башкы тергөө башкармалыгына барышы керектиги жазылган.