Бүгүн, 8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакыртылды. Буга байланыштуу Атамбаев билдирүү жасады.
"Мага ар кандай кагаздарды алып келишет. Мындан кийин дагы ушул өңдүү кагаздарды милиция, прокуратура, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери алып келеби, аларды юристим Сергей Слесаревге берем. Анткени, мага каршы оюн болуп жатканда азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды дагы бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага, ченемге барышы керек. Андан кийин элдин башын айлантсын. Мындан кийин кагаз болобу, чакыруу болобу мага эмес юристиме бере беришсин.
Азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлап баштамайынча алардын оюнуна катышпайм. Бул жерде Жээнбеков менен Матраимовдун эрежелери болуп жатат.
Мен эмнеге Ички иштер министрлигине барышым керек? Дагы бир жолу кайталайм, ал кагазды колума дагы алып окубайм", - деди Атамбаев.