Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмө берүүсү боюнча ИИМ менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады"

"Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмө берүүсү боюнча ИИМ менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады" деп бүгүн, 1-августта экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирүү таратты.

Билдирүүдө юрист сотко чейинки өндүрүшкө алынган Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМге тиешелүү суроолорду кат жүзүндө берүүнү өтүнгөнүн жана кечээ ИИМ тарабынан мындай сунуштан баш тартуу болгонун айткан.

"ИИМдин Тергөө башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен жолугушуу 30-июль күнү өткөн. Жолугушуунун алкагында экс-президент тиешелүү суроолорго жооп берип, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жооптор коомчулукка жарыяланбашы керек деген талап менен ИИМге өткөрүлүп берилет деп айтылган. 31-июль күнү ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси бул шарттардан баш тартты.

Батукаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакыруу тууралуу Алмазбек Атамбаевдин позициясы коомчулукка белгилүү. Бийлик мыйзам талаасында иш алып барышы керек", - деди жактоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан