Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев сотко чейинки өндүрүшкө алынган Азиз Батукаевдин иши боюнча кандай учурда жооп берерин айтты. Жактоочу экс-президент өзүндөгү маалымат менен тергөөнү камсыз кылуу үчүн сурак жүзүндө эмес, 3 вариантта жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
"1-вариант: Батукаевдин иши боюнча ИИМдин тергөө органдары кат түрүндө жиберилген суроосуна экс-президент Атамбаевдин жоопторун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоосу менен жооп берүү.
2-вариант: Атамбаевдин жоопторун кат түрүндө расмий өкүлү Слесарев аркылуу жооп берүү.
3-вариант: Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу Конституциялык палатага жазылган кайрылуунун жыйынтыгын күтүү. Экс-президент Конституциялык палатага бул ишти эртерээк кароо суранычы менен кайрылууга даяр", - деп билдирет жактоочу.