Бүгүн, 9-июлда Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакыртылган. SUPER.KG порталына экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдиргендей, Атамбаев бүгүн суракка барбайт.
"Алмазбек Атамбаев кечээ журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ИИМге барбай турганын айткан. Ал айтканындай эле бүгүн суракка барбайт, себеби кечээ суракка чакыруу анын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес. ИИМге чакыруу партиянын өкүлүнө тапшырылган. Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз. 2019-жылдын 15-май күнү Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом легитимдүү эмес, себеби 57-беренеге ылайык, Жогорку Кеңеш статустан ажыратуу укугуна ээ эмес. Мен Алмазбек Шаршеновичтин жактоочусу катары ИИМге тиешелүү жооп жана кат жолдойм", - деди Слесарёв.
Айта кетсек, чакыруу кечээ, 8-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген болчу. ИИМдин кызматкерлери таштаган чакырууда экс-президент кайсы иш боюнча күбө катары чакырылып жатканы жазылган эмес.