Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына үчүнчү жолу суракка чакырылды

Алмазбек Атамбаевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы үчүнчү жолу суракка чакырды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-июлда Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев эртең, 19-июлда саат 10:00гө суракка барышы керек.

Буга чейин 8-июлда жана 11-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылган. Буга байланыштуу Атамбаев билдирүү таратып, суракка барбай турганын кабарлаган. Ал эми анын жактоочусу "мыйзам экинчи ирет бузулууда" деп билдирген болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан