Адвокат: "Алмазбек Атамбаев тиешелүү суроолорго жооп берүүгө даяр"

"Алмазбек Атамбаев тиешелүү суроолорго жооп берүүгө даяр" деп бүгүн, 23-июлда экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирүү таратты.

"Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилери тарабынан экс-президентке карата жасалып жаткан аракеттер Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен дал келбейт. Мындай аракеттер ички иштер органдарынын аброюн түшүрүүдө.

Алмазбек Атамбаев бир нече жолу Азиз Батукаев боюнча комментарий берген, ал эми аны суракка чакыруу боюнча баары мыйзамдуу болушун өтүнгөн. Бирок ИИМ мыйзамга карабастан коомчулук алдында экс-президентти "суракка алабыз" деп мыйзам талаасынан чыгууда.

Алмазбек Шаршенович азыркы абалды чечүү максатында эгер тиешелүү суроолор ага кат жүзүндө жиберилсе, ЖМКлар аркылуу жооп берүүгө даяр. Тергөөнүн суроолоруна жооп кайтарып, Атамбаев расмий билдирүү жасаганга даяр, бирок сурак иретинде эмес. Мындай жол менен ИИМ жана тергөө органдары сурак жүргүзбөй туруп, кол тийбестиги бар экс-президенттен өздөрүнүн суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алат", - дейт Слесарёв.

Окуянын чоо жайы:

Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. 22-июль күнү Ички иштер министринин орун басары Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барып, эмне үчүн суракка келбей жатканына кызыккан. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.

Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан