Атамбаевди бүгүн кармап кетүү боюнча ИИМдин пландары болгон, бирок алар чогулган тарапташтарынын абалын көрүп токтотуп коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Ички иштер министрлигинде кечээ күч колдонуу менен Алмазбек Атамбаевди алып келүү тапшырмасы болгон. Бирок суракка үчүнчү чакыруу келгенде жактоочу ички иштер министрине кат менен кайрыла турганын билдирген болчу. Эмне себептен ИИМ эртең мененкиге чейин унчукпай туруп, бир убакта эле "бул маалымат чындыкка жатпайт" деп чыга калышты?
Менимче, алар Атамбаевдин Кой-Ташта чогулган тарапташтарынын абалын көрүп, бул ишти токтотуп коюшту. А бирок бүгүн аны кармап кетүү пландарында болгон", - деди Жолдубаева.