9-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев эгер Кой-Таштагы үйүнө милиция кызматкерлери кирип келсе, эмне кыларын айтты.
"Мен эмнеге аларды үйүмө киргизишим керек? Үй корголгон аймак болуп эсептелинет. Мыйзамга ылайык, соттун айыптоо чечими чыкмайынча менин үйүм жана анын айланасы корголушу керек. Айлананы коргогон күзөтчүлөрдү алып салганы - бул мыйзам бузуу. Менин оозумду жабыш үчүн бардыгын кылып жатышат. Эгер үйүмө кирип келишсе, мен баарына даярмын", - деди Атамбаев.
Буга чейин ал эгерде атайын кызматтын жоокерлери үйүнө кирип келсе, "каршылык көрсөтөм, жаран катары курал колдонууга мажбурмун" деп айткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан чечимди кабыл алган.