"Тергөө кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаев суракка келгенге милдеттүү экенин билдирди", - деп бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анын айтымында, тергөөнүн суроолоруна Атамбаев жазуу түрүндө жооп бере албайт. "Ал суракка өзү келиши керектигин Тергөө кызматы айткан. Тергөөнүн сыры, кызыкчылыгы болот да", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Окуянын чоо жайы:
Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.
Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.