Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёвдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында жаран Слесарёвдон Атамбаевди суракка мыйзамсыз чакыруу, андан сырткары укуктук талаадагы жагдайлар жөнүндөгү кайрылуусу келип түшкөн.
"Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жагдайлары менен Атамбаев кабардар экендиги тууралуу жеткиликтүү далилдер бар. Ушуга байланыштуу ага белгилүү болгон иш боюнча жагдай тууралуу көрсөтмө берүү үчүн күбө катары бир нече жолу Тергөө кызматына чакырылган.
Аны күбө катары чакыруунун негизи катары, кылмыш иши боюнча тиешелүү жагдайларды тактоо үчүн кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп жаткандыгын эсептөөгө болот. Жазык-процесстик кодексинин 82-беренесине ылайык, алардын негизинде алгачкы текшерүүчү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат. Далилдердин булактары катары шектүүнүн айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү эсептелет.
Слесарёв өтүнүч билдирүүсүндө, даттануусунда жана башка кайрылууларында өзүн “өкүл, жактоочу” катары көрсөтүүдө. Тергөө кызматы тарабынан Слесарёвго, эгерде ал өкүл катары эсептелсе, анда ишеним катты тапшыруу керектиги бир нече жолу айтылган. Бирок Слесарёв Тергөө кызматына ишеним катты тапшырган эмес. Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Ушуга ылайык, тергөө кызматынын бардык иш-аракеттери жазык-процесстик мыйзамдар менен жөнгө салынган.
Ошондой эле, Слесарёвдун кайрылуусунун экинчи бөлүгүндө ал өзүн жактоочу катары көрсөткөн. Жазык-процесстик кодексинин 50, 54-беренелеринин жана 5-берененин 14-пунктунда жактоочунун жазык сот өндүрүшүндө анын ыйгарым укуктары ишеним көрсөтүү ордери менен тастыкталат. Бүгүнкү күнгө чейин Слесарёв тарабынан ишеним көрсөтүү ордери тапшырылган жок. Ушул себептүү аталган иш боюнча жактоочу катары катышууга укугу жок. Ушуга ылайык ал кандайдыр бир өтүнүч, даттануу сыяктуу билдирүүлөрдү жасоого укуксуз", - деп жазылат маалыматта.