Бүгүн, 22-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов барды.
Ал болжол менен саат 16:00 чамасында барып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева менен жолуккан соң кеткен.
Жолугушуунун алкагында ИИМ министринин орун басары Алмазбек Атамбаев буга чейин 3 жолу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганда эмне себептен барбай жатканына кызыккан.
Жолдубаева "кол тийбестиктен ажыратуу" маселеси боюнча жана 3 жолку суракка чакыруу боюнча Конституциялык сотко арыз менен кайрылгандарын жана анын жыйынтыгы чыга электигин билдирген.
Окуянын чоо жайы:
Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.
Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.