КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева ишеничтүү булактарына таянып "19-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тапшырма берилди" деп билдирген. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына комментарий берди.
"Алар мындай маалыматты кайдан алышыптыр? Бул алардын өзүнүн божомолдору. Негизи Алмазбек Атамбаев бүгүн суракка чакырылды", - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.
Ошону менен бирге экс-президент ушуну менен үчүнчү ирет суракка чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматы ырастады.