Бүгүн, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана ИИМдин мурдагы башчысы Улан Исраилов келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, алар экс-президентти колдоо максатында Кой-Ташка келди. "Сегизбаев Атамбаев менен жолукту. Ал экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин бул жерге келүүнү чечкенин айтты. Сегизбаев Жогорку Кеңештин бул чечими Конституцияга каршы келерин айтып, өлкөгө туруктуулук керектигин белгиледи", - деди Жолдубаева.
Мындан тышкары ал башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Кой-Ташка келбегенин кошумчалады.
27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алган.
Атамбаевдин тушунда Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы, Улан Исраилов 2016-2018-жылдары ИИМдин башчысы болгон. Индира Жолдубаева 2015-2018-жылдары башкы прокурор кызматын ээлеген.