Бүгүн, 26-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө билдирүү жасай турганы айтылды. Ал жакка Атамбаевдин тарапташтарынан түзүлгөн "Элдик штабдын" мүчөлөрү келишти. Атамбаевдин үйүнүн айланасына шагыл таштар төгүлүп, бетон плиталар коюлду.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бийлик экс-президенттин саясий талаадан четтетүү аракетин көрүп жатканын айтты.
"Токтакунов Конституциялык палатага кайрылып, "экс-президенттин макамын алуу мыйзамдуубу же мыйзамсызбы" дегенде ал жактан мыйзамсыз деген тыянакка келишкен. Ошого карабай Жогорку Кеңеште 9 берене боюнча күнөө коюшту. Бул жөн гана саясий айыптоо. Азыркы Конституция боюнча да, мурунку боюнча да Алмазбек Атамбаевдин дагы, Сооронбай Жээнбековдун дагы парламентке, аткаруу бийлигине, сотторго, ошол эле Батукаевди чыгаруу боюнча укуктары жок. Аны күнөөлөө өзү мыйзамсыз, мыйзамсыз иштерди аткарган депутаттар өздөрү жоопко тартылат. Анткени бул өз кызматынан аша чапкандык. Мыйзам бузуу орой түрдө болуп жатат. Бийлик жасаган былык иштерин айтып чыгат деп экс-президентти саясий талаадан четтетүүнү көздөп жатат. Азыр эл аны коргоп калууга белсенип турат. Экс-президентти саясий талаадан четтетип жатканын көрүп турабыз. Бийликтин бул ниети ишке ашпайт", - деди ал.
КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков: "Биз буга чейин айтып келдик. Жогорку Кеңештегилер мыйзам бузуу аракеттерин жасап келүүдө. Бул боюнча биз 7-июнда Конституциялык палатага кайрылдык. Конституцияда мыйзам артка иштебейт деген принцип бузулуп жатат. Алмазбек Атамбаев 2 жыл мурун экс-президент макамын алган. Жаңы мыйзам өткөн окуяга кайрылып жатат".
Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү интернеттеги социалдык тармактар аркылуу таратылгандыктан маалымат жыйыны өтпөй турганы белгилүү болду.
Экс-президенттин короосуна бетон тосмолор орнотулуп, таштар төгүлгөнү айтылган. Кундуз Жолдубаева алар курулуш үчүн керектелерин билдирди.
Кой-Таштагы үйдүн айланасына таштар төгүлүп, аны чөп менен жаап коюшканын көрүүгө болот.
Үйдүн айланасындагы отургучтарда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары отурушат.
Экс-президенттин короосуна курулган боз үйдүн ичинде боло турган маалымат жыйынга даярдыктар жүрүүдө. Жыйынга КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү катышары айтылды.