Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Журналисттердин "учурда өлкөдөгү саясий кырдаал кандай?" деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:
"Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы үйүнө штаб түзүп алыптыр. Анын айланасын тор менен тосуп, таштарды түшүрүп алды деп маалымат каражаттарынан окуп жатабыз. Өз сөзүндө "менде курал бар" деп да айтып жатат. Мен "Алмазбек Атамбаев ушинтип жатат, ишти токтоткула" деп Башкы прокурорго, ички иштер министрине айта албайм", - деди Жумабеков.