11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
КАДЫРБЕКОВ: "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу эгемендүүлүккө таасир этпейт"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ.
"Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу эгемендүүлүккө таасир этпейт. Өлкөдөгү абал тууралуу айтып беришкени эгемендүүлүккө ээ эмес дегенди түшүндүрбөйт. Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет", - дейт Ишенбай Кадырбеков.
ШЫКМАМАТОВ: "Бул көрүнүш мурун деле болгон. Кремлдин таасири дайыма эле күчтүү болуп келген"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кремлдин таасири дайыма эле күчтүү болуп келгенин айтты.
"Бул көрүнүш мурун деле орун алган. Кремлдин таасири дайыма эле күчтүү болуп келген. Анткени биз саясий-экономикалык жагдайлар боюнча Орусиянын жардамына муктаж болуп келгенбиз. Тилекке каршы, кичинекей мамлекеттердин тагдыры ушундай. Акыркы окуялар бул жагдайдын болгонун ачыкка чыгарды", - деди депутат.
КЕЛДИБАЕВ: "Атамбаевдин Орусиянын президенти менен сүйлөшүүсү эгемендүүлүккө шек келтирбейт"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып жатканын айтты.
"Элдин пикирлерин, көз караштарын социалдык тармактардан окуп жатам. "Атамбаевди башка мамлекеттин президенти Канттагы авиабаза аркылуу алып чыгып кетти, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө доо кетти" деген сөздөр айтылууда. Анын Орусиянын президенти менен сүйлөшүүсү эгемендүүлүккө шек келтирбейт. Мындай нерсе дүйнөлүк практикада бар. Жакшы сөздөр айтылды. Аксакалдар, саясий элиталар биригели деп айта албай жатат. Көпчүлүк кимде бийлик болсо ошонун сөзүн сүйлөшүүдө", - дейт Келдибаев.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Сырттан бирөөнү чакырып, аны арбитр кылуу туура эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселени чечүүдө үчүнчү тараптын кийлигишүүсү жакшы эмес деген ойдо.
"Биринчиден, мындай кадамдар Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө жана саясий элитага шек санатат. Ошол себептен мындай көрүнүш туура эмес. Саясий абал кандай гана болбосун баарын ич ара чечишибиз керек. Сырттан бирөөнү чакырып, аны арбитр кылуу туура эмес. Эски элита өзүнүн илгерки ыкмасына салып Кыргыз өлкөсүн чоң мамлекеттин генерал-губернаторлугуна айлантпашы керек. Өзүбүздүн Конституция, мыйзамдарыбыз болгондон кийин Кыргыз өлкөсүндө бийлигибизди эл шайлаган соң эл берген мандатка, мыйзамга ылайык чечилиши кажет.
Бир гана жарандык согуш болгондо эки тарап сүйлөшө албай жатса, үчүнчү тарап кийлигише алат. Кыргыз өлкөсү андан алыс болуп, элибиздин жана бизде жаңы келе жаткан элитанын маданияты ага жетиштүү болушу керек. Бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен, эң негизгиси өлкөнүн ичинде чечилүүгө тийиш.
Башка жакка кайрылуу тарыхта, саясий практикада, эл аралык катнаштарда да болбошу керек. Өлкө мамлекеттүүлүгүн көрсөтө албай, сүйлөшүүлөрдө жарандык келишпестик болсо, жарандык согушка айланып бара жатса, үчүнчү тарап кийлигишет. Мындай кадамдар Кыргыз мамлекетин жана мамлекеттик институттарына, эгемендүүлүгүнө, эл аралык аброюна да шек келтирет", - дейт эл өкүлү.
КАРАСАРТОВА: "Эки айдан бери көрүп жаткан сериалыбыз башка өлкөнүн президентинин кийлигишүүсү менен аяктады"
Укук коргоочу Рита Карасартова бул маселени өлкө ичинде эле чечсе жакшы болмок деген ойдо.
"Бул орчундуу маселе, бирок ал парламент аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамынын арты менен чечилсе жакшы болмок. Тилекке каршы, азыркы бийлик экс-президентти кармоо боюнча чечимдерди бат чыгарып, кол тийбестиктен ажыратуу боюнча 1-2 жуманын ичинде карап, мыйзамдан аша чапты. Ошол эле мезгилде экинчи тарап "курал колдоном, элди көтөрөм" дегенде коңшу мамлекеттердин кийлигишүүсү болду. Себеби Орусияга мындай нерсенин кереги жок. Путин да эртең бийликтен кетет, анан ал жакта да "эмнеге бизде болбойт?" деген пикир чыгышы мүмкүн.
Ал эми бизде буга чейин качырып, кетирип салып көнүшкөн. Мында мыйзам чегинде карап, ар бир кылмышты документ менен далилдеп, процесстерди ачык көрсөтсө, орчундуу кылып туруп анан кармаса жакшы прецедент болмок. Тилекке каршы, бийликтин адамдары шашылып кетти, экс-ажо да "колуңдан эч нерсе келбейт" дегендей кылып койду. Медиатор катары бул маселени чечүү үчүн үчүнчү адам чыкты. Анда да суракка чакырылып жаткан адамды, өзгөчө иштөө режими бар база аркылуу чыгарып кеткени 2 жумалап парламент чечип жаткан маселени "башка өлкөнүн президенти чечип коёбу, эгемендүүлүгүбүз барбы?" деген нерсеге түрттү.
2 айдан бери көрүп жаткан актуалдуу сериалыбыз башка өлкөнүн президентинин кийлигишүүсү менен аяктады. Бул ал жактын аброюнан кабар берет. Буга чейин деле президент болом деген адамдардын баары Орусияга барып келчү. Учурда Кыргыз өлкөсүн Орусиянын бир бөлүгү катары да кабыл алууга болчудай болуп калды. Биз эгемендүүлүк үчүн күрөшүп кан төккөн эмеспиз, анын баркын билбейбиз. Кыргыз өлкөсүнүн башына эгемендүүлүк "лап" этип эле түшүп калган, ошондон улам анын баасын билген жокпуз", - дейт Карасартова.
САРИЕВ: "Бийликке күчтүү, жаш саясатчылар келмейинче ушундай оюнчук боло беребиз"
Саясат таануучу Марс Сариев бийликке күчтүү жана жаш саясатчылар келмейинче абал өзгөрбөйт деген пикирде.
"Саясий элита учурда бойго жетүү мезгилинен өтүп жатат. Бири-бири менен тирешип, учурда Атамбаев менен Жээнбеков алышууда. Мурун деле саясатта "сен жигит, сен жигит эмессиң" деген сөздөр болчу. Бул нерсенин баары саясий элита өсө электигинен, чийкилигинен кабар берет.
Буга чейин Орусия бышкан элита катары "кандай болот?" деп күтүп жаткан. Себеби убагында Аскар Акаев, кийин Курманбек Бакиев деле кайрылып, учурда Орусияда жашынып жүрөт. Индияда "карма" деген түшүнүк бар, биздин өлкөнүн "кармасы" ушундай, чуркап барып Орусияны арбитр болуп бер деп сурана беребиз.
Менин оюмча, Жээнбеков буга чейин көп өлкөгө барып колдоо издеди, себеби экс-президентти Кремль көбүрөөк колдоорун билет. Буга Атамбаевдин убагында Орусиянын көптөгөн талаптарын аткарып, көп шарттарды аткарганы себеп. Ошондуктан Жээнбеков өткөндө Швейцарияга барганда да кандайдыр бир колдоо күткөн. Анан келе жатып Орусияга кайрылып, азыркы абал боюнча айткан. Ал Путинден "Атамбаевди кичине тынчыт. Ал саясий, экономика жагынан иштетпей жатат" деди. Анан Путин салмактуу башчы катары "сүйлөшөм. Ал оппозиция катары калсын, көп тийишпегиле" деди. Бул сүйлөшүүлөрдүн баары сценарий менен болду. Путин жолугушуудан кийин чыгып, сүйлөшүү тууралуу ачык айтты. Ушундан кийин баары тынчып калды. Аныкы туура, себеби ал оппозицияны колдой турган болсо, өлкөнүн ички саясатына кийлигишкендей болуп калмак. Бул жагдай менен айрым күчтөр колдонуп кетмек.
Бул чоң саясат, ошол себептен ушундай компромисске келген соң келишимге ылайык, Атамбаев мурункудай асылып, беттен албай калат. Мындан сырткары ал 2020-жылы өтө турчу шайлоого кызуу даярдыкты баштайт. Ал болгон күчүн парламентте көбүрөөк кресло ээлегенге жумшайт.
Ал эми учурда башты оорута турган Баткен көйгөйү бар, Жээнбеков ошол көйгөй менен алек болот, ал эми Атамбаев өз иши менен алектенет. Менимче, бийликке күчтүү, жаш саясатчылар келмейинче ушундай оюнчук боло беребиз", - дейт Сариев.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Башка өлкөнүн президенти Кыргыз мамлекетинин ички иштерине кийлигишкени туура эмес"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бул көрүнүш өлкөнүн эгемендүүлүгүнө толугу менен таасир эте турганын билдирди. “Эгемендүүлүктү кылымдар бою ата-бабаларыбыз сактап келген. Башка мамлекеттин президенттери өлкөнүн ички иштерине киришкени туура эмес. Бул жолугушууну өлкөнүн көз карандысыздыгына доо кетирүү деп эсептейм”, - дейт Токтонасыров.