Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деп собол салды.
СУЛАЙМАНОВ: "Жогорку Кеңеште кошоматчылар көп. Кээде мен да алардын катарын толуктап калышым мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кошоматчылар учурда бийликте жүргөнүн айтты.
“Кошоматчылык негизинен коркоктуктан пайда болот. Тилекке каршы, бизде бул өнөкөткө айланды. Кошоматчылык - адамдын начар сапаттарынын бири. Бирок азыр алардын заманы болуп, бийликтин тегерегинде жүрүшөт. Болуп жаткан чыныгы окуялар жогору жакка айтылбай жатат. Адам чындыктан жапа чеккенине карабай аны айтса, мына ошол сөздүн улугу болот.
Азыр коомчулук, активисттер кошоматчыларды уяткарып, сындап, көзөмөлдү күчөтүп эле жатышат. Бирок андан кошоматчылардын бети кызарбай жатат. "Эр жигиттин уялганы өлгөнү" деп коёт эмеспи. Бирок алар жүрө берет экен да. Албетте, кошоматчыларга каршы күрөш күчөшү керек. Албетте, андай адамдар Жогорку Кеңеште бар. Көпчүлүгүбүз ошондойбуз. Кээде мен да алардын катарын толуктап калышым мүмкүн. Биз көптөн бери парламенттик башкарууну толук ишке ашыра албай келебиз. Бирок аз да болсо жылыш бар. Жыл сайын күчөп жатат”, - деди ал.
АКАЕВ: "Президент мени кабыл алганда "ачуу сындарды, чындыкты айтып тургула. Мен кошоматчыларга зар эмесмин" деп айткан"
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин пикиринде, коомчулук кошоматчылардан шайлоо аркылуу гана арыла алат.
“Негизинен саясий ишмерлердин, депутаттардын өкмөттү туура жолго багыттап турганы президентке жардам. Мен сотторду, өкмөттү сындап Жээнбековго жардам кылдым деп эсептейм. Саясатчылардын эң чоң катасы алгач президентке жагынып, анан гана элге жагынгандыгында. Президент мени кабыл алганда "ачуу сындарды, чындыкты айтып тургула. Мен кошоматчыларга зар эмесмин" деп айткан. Мурунку президентке наам берүүнү, атын ыйгарууну демилгелегендер эми аны сындап жатышат.
Кийинки шайлоодо кошоматчылары бар партияны колдобош керек. Алардан ошентип гана кутулабыз. Депутаттардын баары жеке сүйлөшкөндө акыйкатчылыкка талапкер болгон Токон Мамытовго каршы эле. Бирок аягында “бийлик сунуштады” деп Мамытовду колдоп коюшту. Мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзамга да депутаттардын баары макул болушту эле. Бирок азыр президент “мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салалы” десе, алар кайра аны колдогонго даяр. Өзүнүн багыты жок депутаттардын айынан эл ар дайым Жогорку Кеңешти сындап келет. Бул замандан өтүшүбүз керек. Өлкө башчыны “улуу урматтуу президентибиз” деп баштаганда эле таң каласың. Саясатчыларыбыз майдаланып кетти. Жалгыз үмүтүбүз элдин элегинде”, - деди Акаев.
ЭРКЕБАЕВ: “Эски системдин бузулбай жатышына Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чабалдыгы себеп болууда”
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаевдин пикиринде, президентке кошомат кылуу илгертен болуп келе жаткан көрүнүш.
"Президентке кошомат кылуу тээ илгертен бери болуп келген. Кошомат кылуу сапаты адам менен кошо жаралган. Бирок тарыхка көз чаптырсак бир дагы ханга кошомат кылбаган адамдардын бар болгонуна күбө болосуң. Президентке кошомат кылган көрүнүш Атамбаевдин убагында аябай күчөп кеткен. Азыр деле уланууда. Баш мыйзамда парламенттик-президенттик башкаруу системи деп жазылган. Бирок учурдагы саясий абал таптакыр башка. Же мурдагы эле президенттердин тушундагыдай башкаруу системи жүрүүдө. Мындай баш аламандык болбошу керек.
Эски системдин бузулбай жатышына Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чабалдыгы себеп болууда. Бирок мен кошоматчылар жетекчилердин кайсы бир маселени чечишине таасир этет дегенге ишене бербейм. Акыркы чечимди биринчи киши кабыл алат. Ал кабыл алган чечими боюнча жоопкерчиликке тартылбашы үчүн баарын талдап, анализдеп көрүшү керек. Мен өмүр бою "жасаган ишиң үчүн өзүң гана жооп бересиң. Ошон үчүн аны кийин башкага шылтабагыдай болуп, жоопкерчиликти көтөрө билүү керек" деп айтып келдим”, - деди Эркебаев.
МАДУМАРОВ: "Бүгүнкү күндө аксакалдардан, академиктерден тарта депутаттарга чейин кошоматчы"
Саясатчы Адахан Мадумаров бийликтеги кошоматчыларды төмөнгө алып түшүүчү бир гана эл экенин айтты.
“Калк бийликти көзөмөлгө алып, таразалап, баа бериши керек. Учурда 10 жылдан бери кызматтан түшпөй отургандар бар. Себеби алар бийликке ыңгайлуу кадрлар. Ошол кызматта отургандарга болсо баары бир. Азыркы кошоматчы саясатчылар жаңы келген бийликтин колтугуна кирип кетет. Алар кызмат үчүн баарын сатууга даяр. Коом канчалык маданияттуу, сабаттуу болсо, кошоматчылардан ошончо тез арылат. Бирок азыркы коом үмүтсүздүктүн, алсыздыктын кучагында жатат. Чындыкты айтып, тазарталы деген кишини баалай алышпайт. Бүгүнкү күндө аксакалдардан, академиктерден депутаттарга чейин кошоматчы. Учурда кошомат кылгандардын гана иши жүрүшөт. Кыргыз өлкөсү кошоматчылардын мамлекетине айланды. Мунун айынан биз коңшулардан артта калдык”, - деди Мадумаров.
КУЛОВ: “Өкмөт башчы туруксуз болгону үчүн саясатчылар президентке кошомат кылышууда”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Куловдун айтымында, президентке кошомат кылган көрүнүш бүгүнкү күндөгү элитанын саясий аң-сезиминин төмөн экендигине байланыштуу.
“Бийликке кошомат кылуу бүгүнкү күндүн табияты, орусча айтканда “философия жизни” болуп калды. Бул жакшы көрүнүш эмес. Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу биздин элитага саясий маданият жетишпейт. Демократия да 100 пайыз орной элек. Ошон үчүн саясатчылардын арасында бийликке жагалданып, кошомат кылган көрүнүштөр токтобой келет. Учурдагы биздин Баш мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөт башчынын ыйгарым укуктарына караганда аз. Бирок турмуш чындыгы башкача болуп жатат. Мисалы, өкмөт бир жыл иштейт да интриганын айынан кызматтан кетет. Президент туруктуу болгону үчүн ага кошомат кылышууда.
Кошоматчылардан арылуу үчүн саясатчылардын жана коомдун саясий аң-сезимин жогорулатуу керек.
Белгилей кетүүчү жагдай, учурда өлкөдө туруктуу оппозиция жок болсо да президентке жана өкмөт башчыга карата сындар айтылып келет. Бул көрүнүш коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде аз да болсо демократия бар экендигинен кабар берет”, - деди Кулов.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Кошоматчы саясатчылардан арылуу үчүн президенттик бийликти жоюшубуз керек”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков саясатчыларда адамдык баалуулуктардын сакталышы үчүн 2 жол бар экенин айтты.
“Кошоматчылардан арылуу үчүн биринчи кезекте президенттик бийликти жоюшубуз керек. Анткени коррупциянын, кошоматчылыктын, саткынчылыктын булагы президенттик институт болуп эсептелет. Ошол институтту жойсок биз биринчи кадамды таштаган болобуз. Ошондо саясатчылар бийликти алган жана албай калган партиялар болуп экиге бөлүнөт. Бизде болсо жаңы президент бийликке келсе, артынан саясатчылардын 95 пайызы чуркап барат. Аларды саясатчы деп айтууга деле болбойт. Алар "кызмат алып калалы, байлыгыбызды сактап калалы" деп депутат боло калып, ошонун артынан саясатчы болобуз дегендер. Азыр Сооронбай Жээнбеков тарапка өтүп алгандар эртең жаңы бийлик келсе ошол жакка качышат.
Коом андай адамдарды өзү да четке сүрсө болот. Анын жолу көп. Биринчи - системдик. Экинчиси - массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги. Журналисттер ошол саткын, кошоматчы саясатчыларды көбүрөөк айта турган болсо, алардын уялуу, коркуу сезимин пайда кылышат. Жогоруда айтып өткөн ушул эки нерсе саясатчыларды баалуулуктарга түрткөнгө жардам берет”, - деди Жээнбеков.
САРИЕВ: “Жаңыча ойлонгон жаштарды саясатка аралаштырбай жатышат”
Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, идеялык кызыкчылыктар алдыга чыкканда жеке максатты көздөгөн саясатчылар жок болот.
“Азыркы партиялар классикалык партия эмес. Ошон үчүн идеология, партиянын идеялары иштебейт. Азыркы партиялар корпоративдик кызыкчылык менен топтолгон. Идеологияга иштеген, классикалык партиялар пайда болгондо гана идеясы бар кишилер келет. Ошондой жол менен оңолбосок бул маселе улана берет. Акыркы учурда коом акырындап алдыга жылууда. Саясатты түшүнүп калышты. Жарандык коом пайда болду. Бизге кыргызчылык, тууганчылыктын залалы катуу тийүүдө.
Жогоруда айткан классикалык партияны түзүү үчүн аракет кылыш керек. Азыркы партияларда илгертеден калган корпоративдик кызыкчылык болуп жатпайбы. Бул оору. Бизде башкача өңүттө ойлонгон, идеяны ишке ашырчу партия түзө алган жаштар бар. Аларды саясатка аралаштырбай жатышат. Эгер ошол жаштар аралашса азыркы корпоративдик саясат талкаланып калмак. Бирок алар аралашкан жерден коррупциялык жолдорго тартып алышууда”, - деди Сариев.