КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: "Чек арадагы чыр бийликтин иш жүргүзө албагандыгынын, алсыздыгынын кесепети"

Саясатчы Адахан Мадумаров маселени чечүү үчүн тажик тарап жана жергиликтүү эл менен сүйлөшө ала турган инсан болушу керек деген пикирин айтты.

"Чек арадагы чыр атайын чыгышы мүмкүн эмес. Маселенин чечилбей жатышына Кыргыз бийлигиндеги сүйлөшүүгө жөндөмдүү кишинин жоктугу себеп болууда. Биринчиден, тажик тарап менен сүйлөшө ала турган, экинчиден, ал жердеги жергиликтүү калк менен сүйлөшө турган инсан болушу керек. Ал социалдык жактан легитимдүү болушу зарыл. Легитимдүү деген анын сөзүнө, кыймыл-аракетине эл тарабынан толук ишеним көрсөтүлүшү керек, андай инсан жок. Бүгүнкү күндө эл менен бийлик ортосунда сүйлөшө ала турган киши жок. Жыл сайын жазында ушул маселе чыгарын билишет. Эмне үчүн ушуга чейин алдын алуу иштери жүргүзүлгөн эмес? Аны айткан менен бул нерсени түшүнгөн киши жок, маселенин баары ушунда", - деди Адахан Мадумаров.

СУЛТАН: "Эмне үчүн бул чыр Адахан Мадумаров ден соолугу начарлап ооруканага жаткан күнү чыкты?"

Мурдагы элчи Кылычбек Султан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын чыгышы жана дал ошол учурда чек ара тууралуу Адахан Мадумаровду каралаган маалыматтын пайда болушу – күмөн ойлорго түртөт дейт.

"Баткенде чыккан чыр жана Мадумаровго чек ара боюнча көө жабуу аракети бул жөн гана дал келүүбү? Эмне үчүн бул чыр Адахан Мадумаров ден соолугу начарлап ооруканага жаткан күнү чыкты? Бирөөгө көө жабуу үчүн элдин тынчтыгына бүлүк салгандарга наалат", - дейт Кылычбек Султан.

ТИЛЛАЕВ: “Чек арадагы чыр жергиликтүү бийлик, өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн чыкты”

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган дегенге кошулбай турганын айтты.

“Бул күнүмдүк көрүнүш. Күндө ушундай жаңжал болуп турат. Тилекке каршы, кечээ курчуп кетти. Алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Жергиликтүү эки элдин маселелери чечилбегенден улам чыр келип чыкты деп ойлойм. Чек арадагы чыр жергиликтүү бийлик, өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн чыкты”, - дейт Тиллаев.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Чек ара маселесин тынч дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Өзбек чек араларынын такталбаганы курч маселе болуп эсептелет.

“Бул маселе көптөгөн жылдардан бери чечилбей келген. Бардык бийликке келгендерге бул маселени чечүү оор. Себеби биздин коомдо агрессия аябай күчтүү, кээ бир маселелерди тереңирээк карабаган учурлар болот. Ошондуктан ар бир келген бийлик бул көйгөйдү чечпестен кийинки бийликке калтырып кете берет. Ал эми чек аранын тегерегинде орун алган маселелер күндөн-күнгө чиеленип, көбөйүп бара жатат. Эки тараптын чек арага жакын айылдарында жашаган адамдар бири-бирине кооптонуу менен жаман мамиле кылганга үйрөнүп калышкан, мындай маселелер көп. Мен чыр атайын уюштурулду деп айта албайт элем. Чечилбей келе жаткан маселе чоң көйгөйгө айланды. Мындай учурлар коомдо активдүү пикир жарата турган маселе болуп эсептелет. Бул маселени тынч дипломатиялык сүйлөшүү жолу жана мамлекеттик институттардын кийлигишүүсү менен гана чечишибиз керек. Бул маселеде эмоцияга, популизмге алдыруу коом үчүн, саясатчылар үчүн туура эмес болуп эсептелет”, - дейт Жээнбеков.

МЕДЕТБЕКОВ: “Аныкталбаган, такталбаган жер тилкелери болгондуктан чек арада чыр чыкты”

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кыргыз-Тажик ортосунда 300гө жакын чакырым аныкталбаган, такталбаган жер тилкелери бар экендигин белгиледи.

“Менин оюмча, Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган эмес. Кыргыз-Тажик ортосунда 300гө жакын чакырым аныкталбаган, такталбаган жер тилкеси бар. Мындай окуя бүгүн эле чыккан жок, 1980-жылы, 1989-жылы, 2000-жылы, 2010-жылы жол, суу талашуу боюнча жаңжал чыккан. Бул чек аранын аныкталбай, такталбаганына байланыштуу. Курулуп жаткан жолго тажик тарап каршы чыгып жатат. Алар бул чек арага жакын жайгашкан жер тилкелери Тажикстанга тиешелүү деп ойлоп жатышат. Чындыгында, биз 1924-1950-жылкы чек аралардын схемаларын караганда Тажикстандын анклав айылдары бүт Кыргыз мамлекетинин аймагы болчу. СССР убагында билинбей, атайын жоболор менен аларга берилип, өтүп кеткен.
Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырды уюштуруу боюнча эч кимдин кызыкчылыгы жок. Себеби эки элдин ортосундагы чатак аларга да, бизге да жаман таасирин тийгизет. Ошондуктан бул маселени жакын арада жолугушуу жана сүйлөшүүнүн негизинде тынчытуу керек. Андан кийин гана жер тилкелерин аныктоо, тактоо маселелерин кайра күчтөнтүү шарт. Бул маселе чечилбесе чыр кайталана берет”, - дейт Медетбеков.

МАМАТАЛИЕВ: “Ушундай кырдаалда кандайдыр бир күчтөр жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн”
Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев акыркы 2-3 жылда Тажик өкмөтү менен чек араны делимитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтар жокко эсе экенин айтты.
“2014-жылы Баткен районундагы Көкташ-Ак-Сай жолунун курулушу башталганда да тажик тарап чек арачыларын киргизип, тосуп, курулуш токтоп калган болчу. Анда да чыр чыгып, атышуу болуп, адамдар жабыркап, каза болгон. Кийин биз Тажик өкмөтүнүн жетекчилери менен бир нече жолу жолугуп, аларды Баткенге чакырганбыз. Жеринде көргөзүп, аларды ынандырып, чек арачылары чыгарылган. Андан соң жолду куруп бүтүргөнбүз. Азыр биздин жарандар түздөн-түз эле Ак-Сайга катташат. Эң негизгиси эки мамлекеттин өкмөтүнүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиялары тез-тез жолугуп, иштеши керек. Алардын ортосунда ишенимдүү абал түзүлүшү зарыл. Тилекке каршы, акыркы жылдары булардын жолугушуулары жөнүндө деле маалымат жок. Ушундай кырдаалда кандайдыр бир күчтөр жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн. Кызуу кандуулар, чагымчылдар эки тараптан тең эле табылат да”, - деди Маматалиев.
КАКЧЕКЕЕВ: "Чек ара боюнча ишти өкмөт так аткарганда мындай талаш-тартышка жол бербейт элек"
Саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев чек арадагы маселени чечүүгө өкмөт милдеттүү экенин баса белгиледи.
"Чек арадагы маселелерди чечүүдө өкмөттө Конституция боюнча укугу, милдеттемеси бар. Келишим боюнча Тажикстан менен делимитация болбогон жерлерге чек коюп, жерде бир нерсе курганга, пайдаланууга тыюу салынган. Биздин жол куруучулар талаш-тартыш болгон жерге тийип өткөнүн көргөн тажик эли "ал жер биздики" деп жанагындай жолго барып жатышат. Түштүктө чек ара маселеси өлкөнүн түндүк аймагындагы чектешкен жерлерге окшош эмес, ал жерде эл жыш жашайт. Алар ар бир сантиметрди көзөмөлдөп карап турушат. Ошондуктан жол салып жаткандар өкмөттүн келишимине ылайыктап, Тажик өкмөтү менен сүйлөшүүсү керек эле. Андан кийин жергиликтүү эл менен тааныштырганда мындай чыр болмок эмес. Жолду биз салып жаткандан кийин ал жол бизге керек. Бүгүнкү күндө өкмөт ишти так аткарганда мындай талаш-тартышка жол бербейт элек", - деди эксперт.
АКЫЛБЕК: “Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр тез арада президенттер аралык деңгээлде чечилиши зарыл”
Саясий серепчи Нурсултан Акылбек улуттук коопсуздукту камсыздоодо чек ара бекем болушу керек экенин белгиледи.

“Баткен облусу эки мамлекет менен чектешет. Ошол себептен облус ичинде коңшу мамлекеттердин анклавы бар болгондуктан суу, жол же жайыттын айынан талаш-тартыш маселеси жаралып келет. Акыркы убакта өзгөчө кыргыз-тажик улуттар арасында кагылыш көбөйдү. Бул биздин эң көйгөйлүү, стратегиялык маанилүү аймактардын бири болуп эсептелет. Баткен - Ооганстанга эң жакын облус. Ал жактан келген наркотрафиктин негизги маршруту Баткен менен өтөт. Кылмыштуу уюмдар үчүн тартыш жерлерде чагымчылдыкты уюштуруу оңой.
Улуттук коопсуздугубузду камсыздоодо чек арабыз бекем болушу керек. Бирок биз СССР убагынан бери "Тажикстан же Өзбекстан менен болгон чек ара кайдан бүтөт?" деген суроого жооп бере албай келебиз. Мамлекет тараптан бул көйгөйгө тийиштүү көңүл бурулбай келет. Качан гана эки улут кагылышканда бул маселени вице-премьерлерге тапшырып, жыйындарды өткөрүп калабыз. Тилекке каршы, мамлекеттер аралык реалдуу кадам жок. Өзбекстан менен чектешкен аймактарда делимитация, демаркациялоодо жылыш бар болсо, Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө жыйынтык жок. Чек ара көйгөйүн чечүү Кыргыз мамлекетинин да Тажикстандын кызыкчылыгында. Бул маселе тез арада президенттер аралык деңгээлде чечилиши зарыл. Качан гана эки мамлекет чек араларын аныктап, бекемдегенде аймактык коопсуздук орнойт”, - деди Акылбек.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан