7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган. 7-каналдын кабарчысы Азиза Пусурманкулова "Шаардык мэриянын басма сөз катчысына байланышканыбызда алар жыйындын өтөрү да белгисиз деп айтышкан эле. Башка журналисттер да барып кире албай келишиптир. Жыйынды жашыруун өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүк. Ошол эле кезде мамлекеттик ЖМКнын өкүлдөрү катышкан", - деп билдирди.
Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.
Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген собол салды.
ТУРДУКУЛОВ: “Премьер-министр оппозициялык маалымат каражаттарынан качуу жолу менен көйгөйлөрдөн качып кете албайт”
Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, өкмөт башчы көйгөйлөрдү чечүү жолун издесе, ал журналисттер менен ачык-айкын сүйлөшүүгө аракет кылышы керек.
“Менин билишимче, 7-канал Жалал-Абад, Ош облусунда популярдуу жана ишенимдүү канал. Ошондуктан өкмөт башчы катышкан жыйын тууралуу билдирбегени туура эмес деп эсептейм. Алар жыйынга сөзсүз түрдө катышуусу керек. Премьер-министр оппозициялык маалымат каражаттарынан качуу жолу менен көйгөйлөрдөн качып кете албайт. Эгерде өкмөт башчы көйгөйлөрдү чечүү жолун издесе, журналисттер менен ачык-айкын сүйлөшүүгө аракет кылышы шарт. Бул Абылгазиевдин техникалык премьер-министрдин ролун аткарып жатканынын белгиси. Анын саясий амбициясы, тарыхта калайын деген умтулуусу жок, эл менен байланыш түзүүгө аракет жасабагандыгы туура эмес. Абылгазиевдин кемчилиги - бир гана маалымат каражаттары менен баарлашуусу эмес, эң орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдөн корккону. Депутаттар өкмөт башчыга сын-пикир айтып кетире албаганы көп ойлорду туудуруп жатат. Парламенттик шайлоо учурунда амбициялуу, саясий салмагы бар адам өкмөт башчылыкка келсе өзүнүн оюнун кылып жибереби деген ойлор менен Абылгазиевди алмаштырганга эч ким барбай жатышы мүмкүн. Менин оюмча, парламентте, башка бийлик бутактарында “чабал болсо дагы биз күткөн кадамдарга барган премьер-министр болуп турсун” деген ой болуп жаткандай”, - дейт Турдукулов.
УРУМКАНОВА: “Бүт расмий иш-чаралар ачык-айкын өтүшү керек”
Журналист Кайыргүл Урумканова билдиргендей, расмий иш-чара болуп жаткандан кийин журналисттерди бөлбөө шарт.
“7-каналдын журналисттери жыйынга киргизилбей калганын уккан эмесмин. Негизинен бул маалымат чын болсо мындай кадам туура эмес. Журналисттерди расмий иш-чараларга чакырбай коюуга болбойт. Бүт расмий иш-чаралар ачык-айкын өтүшү керек. Журналисттерди бөлбөй, бир калыпта баарлашуу өтүшү зарыл. Анткени коомдогу пикирди жаратууда журналисттер түздөн-түз таасир берет. Коомдогу окуяларды же президенттин иш-чараларын чагылдырууда журналисттердин эмгеги зор. Атамбаев өз убагында өзүнө жакпаган журналисттерди жыйынына киргизчү эмес. Менин оюмча, 7-канал Атамбаевге тийиштүү болгондугуна байланыштуу аларды расмий иш-чарага чакырбай коюшту болуш керек”, - дейт Урумканова.
САТАРОВ: “ЖМК бардык окуяны эки тараптуу берсе, эч ким аларга жолтоо болбойт”
Коомдук ишмер Абды Сатаровдун айтуусунда, жалпыга маалымдоо каражаттарына эч жерде уруксат бербей койгон жери жок.
“Негизинен жалпыга маалымдоо каражаттары бардык нерсени фактыга таянып, туура бере турган болсо аларга эч ким жолтоо болбойт.
Бир багыттуу кылып берүүдө гана суроо пайда болушу мүмкүн. Ар бир массалык маалымат каражаттары окуянын чоо-жайын эки тараптуу, дүйнөлүк стандартта берүүсү зарыл”, - деди Сатаров.
АЛКАНОВА: “ЖМК өкүлдөрүн тандап, жыйынга чакыруунун өзү туура эмес”
Журналист Эльнура Алканова ачык жыйындарга журналисттер тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу экенин айтты.
“Ачык жыйындар жарыяланып, таратылып жатканда тизме менен журналисттерди киргизүүнүн өзү туура эмес. Буга мен терс көз караштамын. Ошол болуп жаткан окуяны чагылдырууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жанында журналист экенин тастыктаган пресс-картасы болсо эч кандай тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. Бул боюнча мыйзамда дагы жазылган. Негизи тизме менен алдын-ала тактап, ЖМК өкүлдөрүн тандап жыйынга катыштыруу коомго жаман таасир этет. Бул сөз эркиндигине да зыянын тийгизип коёт”, - деди Алканова.
АКИМОВ: “Элдин тагдырын чечем деген кишилер сындан качып жүргөнү туура эмес”
Журналист Турат Акимов ЖМК өкүлдөрү бийликти колдобойт деген таризде жыйынга киргизилбей калса керек деген пикирин айтты.
“Муну цензура деп койсо болот. Анткени бийлик ачык-айкындыктан жана сын-пикирден качып жүрөт. Аларды мактаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизет, сындагандарды киргизбейт. Мындай кадамдар бизде көнүмүш катары эле болуп калды. Өкмөт - мамлекеттин бюджетин тейлеген аппарат. Эгерде демократиялык ачык коом курулсун десек, бийлик сын укканга дагы чыдоосу керек. Алты миллион калктын тагдырын чечем деген кишилер сындан качып жүргөнү туура эмес”, - деди Акимов.
БЕКБАЕВА: "Жыйындарга катышуучу активдер да тандалып жатат. Өкмөттүк жыйындар ачык өтүшү керек"
ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү, журналист Жылдыз Бекбаева маалымат каражаттарынын жыйындарга тандалып киргизилиши туура эмес деген пикирин айтты.
"Өкмөт, тескерисинче, маалымат каражаттарына тегиз карап, көз карандысыз журналисттердин сын-пикирин угуп, ошого жараша иш алып барышса, өкмөттүн иши да алдыга жылмак. Ыңгайсыз суроолорду бере турган журналисттерди чакырбай эле өздөрүнө каршы келбеген ЖМКларды катыштырып өздөрү эле эйфорияга кирип, өзүн-өзү мактап жүрсө иш оңолбойт. Мындай нерсе кайра кайталанбай турганын айтып бизге сөз беришти. Эгер улана берсе биз ошого жараша реакция кылабыз. Быйылкы жыл кайра эле аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылы деп жарыяланбадыбы. Бийликтегилер демократиялык коомду түзүп жатабыз деп мактанганы менен, ошого жараша иш жасашы керек. Демократиялык коомдо бардык нерсе ачык-айкын болушу керек. Эгер жаап-жашырып жыйын өткөрө беришсе маалыматты цензурага айлантып коюшат. "Биз өзүбүз тартабыз, анан силерге беребиз" деген цензуранын бир түрү, сөз эркиндигине басым көрсөтүү. Эгерде мамлекеттик сыр талкуулана турган жыйын болсо бир жөн, бирок бир жылдык иштин жыйынтыгы талкуулана турган жыйын ачык-айкын өтүшү керек. Активдерди да тандап чакырып жатышат. Журналисттер да, коомчулукта каалаган адамдар ошондой жыйындарга катыша ала тургандай шарт түзүлүшү керек", - деди Бекбаева.